Бишкек-Ош унаа жолунун Сосновка транспорттук көзөмөл постунда бүгүн саат 8:30да жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, чектөө 27-мартта аба ырайынын жана климаттык шарттардын татаалдыгына байланыштуу саат 23:20да киргизилген.
9-ДЭП ишканасынын жумушчулары Төө-Ашуу ашуусун кардан тазалап, тайгалак менен жаап жатышат.