08:22
USD 86.40
EUR 93.13
RUB 1.03

Күнтуу-Шопоков-Бишкек жолу кеңейтилип, асфальт төшөлөт

Жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолдун жалпы узундугу 12, 4 чакырымды түзөт. Аталган жолду реконструкциялоо «Жол коопсуздугу» техникалык талаптарына ылайык жүргүзүлүп, бардык чаралар эске алынуу менен параллелдүү долбоорлоонун негизинде куруу пландалууда.

«Учурда 6 чакырым аралыгында жумуштар жүрүп жатат. Долбоор боюнча кыйылган бактардын ордуна экиден дарак отургузулат. Жолдун категориясы өзгөрүп, 4 тилкелүү болот. Ошондой эле лабораториялык изилдөөлөр үчүн карьерден керектүү инерттик материалдар алынып, жердин түзүлүшү жана топурактын курамы изилденүүдө. Аба ырайынын жакшырышы менен жер жумуштары, жолдун негизин бекемдөө, туурасын кеңейтүү, эски асфальтты сүрүп тегиздɵɵ иштери уланат. Оңдоо иштери бекитилген планга ылайык график боюнча жүргүзүлүп, сапатына өзгөчө көңүл бурулууда». — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG