Кыргызстанда сентябрда 250 миңге жакын бала биринчи жолу мектепке барат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева бүгүн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, алардын 151,7 миңге жакыны биринчи класска, калганы экинчи класска барат.
Лира Самыкбаева белгилегендей, бул көрсөткүч мектепке автоматтык каттоо системасынын аркасында алдын ала алынган жана кабыл алуунун биринчи этабынын жыйынтыгына жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Эскерте кетсек, 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуу 2019-жылы төрөлгөндөр жана «Наристе» мектебине 480 сааттык даярдоо программасын бүтүрө электер 1-класска, ал эми 2018-2019-жылдары туулгандар түз эле 2-класска барышат.