Кубанычбек Бөкөнтаев ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Армениядагы элчиси болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Эске салсак, Бөкөнтаев 2024-жылдын августунда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган.
Кубанычбек Бөкөнтаев буга чейин Улуттук банктын жетекчиси кызматын аркалап, «Экономика. Банктар. Бизнес» гезитинин редактору болуп иштеген.