Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн токтотулган жерден жол эрежелерин суроо процедурасы башталат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, кимде ким жол эрежелерин билбесе, ошол замат айдоочулук күбөлүгү алынып, «Унаа» мекемесине убактылуу жөнөтүлөт (айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылбайт).
«Айдоочу каалаган убактысында «Унаа» мекемесине барып, жол эрежелери боюнча кайрадан сынактан өтсө, айдоочулук күбөлүгү дароо кайтарылып берилет.
Сынактан өтпөсө, кийинкиге калтырылат. Качан гана айдоочу жол эрежелерин жаттап, сынактан өткөндөн кийин күбөлүгү кайтарылып берилет.
Мындай иш-чара эмне себептен башталганы турат?
90-жылдардан кийин көпчүлүк адамдар айдоочулук күбөлүктү окубастан туруп эле алып алган учурлар арбын болгон.
Көпчүлүгүбүз эле сатып алганыбызды моюнга алышыбыз керек. 20-30 пайызы эле окуп алган болушу мүмкүн», — деп жазды ал.
Алагөзөв белгилегендей, 2020-жылга чейин айдоочулук күбөлүк 15-20 миңден сатылып келгени жалпыга маалым. Азыр эми бул көрүнүш кан буугандай токтоп, элдин баары айдоочулук күбөлүктү чындап окуп ала баштады.
Тилекке каршы, учурда бизде жол кырсыгы көп катталып жатат. Жол кырсыгына себеп болгон айдоочулардын көпчүлүгү эреже билбей, айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар болуп чыгууда. Жол эрежесиндеги беш эле белгини көрсөтсөң, бешөөнү тең билбегендер четтен чыгат.
Статистикалык сандарды мисал келтирбей эле коеюн. Жол кырсыгынан каза тапкан мекендештерибиздин саны жүздөп саналат. Көбүнчө дал ушул эреже билбегендердин айынан айрымдары жетим, айрымдары алмончоктой уул кыздарынан айрылып, ичтеринен кан өтүп, жер муштап отуруп калып жатышат. Дагы канчасы майып болуп калууда?!
Ошондуктан президентибиз 1-сентябрга чейин ички иштер министри менен «Унаа» мекемесинин жетекчисине бул багытта иш-аракеттер планын иштеп чыгууга тапшырма берди«, — деп ал.
Анын маалыматына караганда, алдын ала маалымат боюнча, айдоочу биринчи жолу кайра тапшырууга жөнөтүлгөндө, сынак үчүн 500 сом, ошол эле айдоочу экинчи жолу сынак тапшырууда өтпөй калып, экинчи жолу кайра келсе 1000 сом, үчүнчү жолу тапшырууга келсе 2000 сом төлөйт. Үчүнчү жолу дагы кулап калса, анда төртүнчү жолу сынак тапшыруу айдоочунун капчыгына 4000 сомго турат.
«Бул механизм айдоочулардын сынакка жакшылап даярдануусуна түрткү болсун деген максат менен иштелип чыкмакчы.
Алдыбызда 1-сентябрга чейин дагы 5 ай убакыт бар. Жол эрежелерин тиешелүү деңгээлде билбегендер, өтүнүч, жаттай баштагыла.
1-сентябрдан баштап айдоочулук күбөлүгүңөр «Унаа» мекемесине жөнөтүлө баштаса, нааразы болбоңуздар.
Бул процедуранын баары видеожазуулар менен коштолот. Биринчиден, эч ким МАИ инспекторлорун күнөөлөй алышпайт. Экинчиден, жол эрежесин билбегендер, өздөрү эле уят болушат.
Ошондуктан бүгүнтөн баштап, 5 ай бою Жол эрежелерин жаттай баштайлы, мекендештер.
Ар бир адамдын өмүрү, ден соолугу үчүн жоопкерчиликти сезе билели», — деп жыйынтыктаган ал.