21-мартта Бишкектин Турдакун Усубалиев атындагы аянтында (Эски аянт) саат 10:00дөн 19:00гө чейин Нооруз майрамынын урматына майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаралар «Кел, куттуу Ноорузум» аттуу театралдаштырылган пролог менен башталып, көрүүчүлөр жаратылыштын ойгонушун жана кыш мезгилинен жазга өтүүнү символдоштурган түркүн түстүү бий номерлерин жана фольклордук элементтерди көрө алышат.
Күнү бою аянтта прикладдык искусствонун көргөзмөлөрү, спорттун улуттук түрлөрү боюнча оюндар, орус эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт болот. Каалоочулар «Ордо (Кыргыз айылы)» боз үйлөрүнө зыярат кылып, кыргыз элинин каада-салты менен тааныша алышат.
Нооруз майрамынын урматына борбор калаанын төрт районунда майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
Биринчи май районунда:
21-мартта Жаштар сейил багында, Кут конушунда майрамдын урматына көргөзмөлөр, концерттер, спорттук мелдештер жана жалпы элдик майрамдык иш-чаралар уюштурулат.
Ленин району боюнча:
21-мартта «Чүкө» эс алуу борборунда, «Люкс» паркында, «Чоң-Арык» жана Киргизия-2 конуштарынын маданий борборлорунда Нооруздун урматына майрамдык салтанаттар өткөрүлөт. Иш-чаранын алкагында «Сүмөлөк» улуттук тамак-ашын уюштуруу, концерттик программа жана улуттук спорт оюндары өтөт.
Ошондой эле бул күнү төмөнкү даректерде майрамдык иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда: Джунусалиев көч., 40, 40а, Айни көч., 31, Ахунбаев көч., 202, 204, Жаманбаев көч., 36, Жал-23, № 11,12,14,16, Ч.Айтматов проспектиси «Азия Молл» соода борборунун жанында, Тимирязев көч., 12 дарегинде.
Свердлов районунда:
21-мартта Арбат аллеясында «Чыгыш-5» кичирайондо кийиз, чий-токуу, карапа жана башка улуттук кол өнөрчүлүктүн түрлөрү боюнча бардыгына акысыз мастер-класстарды уюштурат. Ошондой эле мольберттин жана комуздун көргөзмөсү № 18, № 19, 21-МАБында, Лебединовка МАБында, Төмөнкү Ала-Арча МАБда боз үй тигилип, таттуулар уюштурулуп, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, улуттук спорттук мелдештер, ошондой эле улуттук даамдардын жарманкеси өткөрүлөт.
Октябрь районунда:
2025-жылдын 21-мартында Ынтымак сейил багында боз үй тигилип, дасторкон, улуттук спорттук мелдештер жана мастер-класстар уюштурулган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. «Шайыр балалык», «NARK ART HOUSE» балдардын чыгармачылык борборлору жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт өтөт. Ошондой эле, майрамдын урматына Көк-Жар муниципалдык аймактык башкармалыгында балдар үчүн спорттук оюндар уюштурулуп, жалпы элдик майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.