10:12
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкекте Нооруз күнү 1,5 миң милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайт

Нооруз майрамында эки миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайт. Алардын 1,5 миңи Бишкекте иш алып барат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт.

«Негизги иш-чаралар Ала-Тоо борбордук аянтында өтөт», — деп айтылат маалыматта.

ШИИБ эскертет: Эгер сиз кылмышкерлердин аракеттерине кабылсаңыз же укукка каршы аракеттердин күбөсү болсоңуз, тез арада жакынкы милиция кызматкерине же күнү-түнү иштеген 102 кыска номери боюнча кабарлаңыз.

Эң көп окулган жаңылыктар