21:13
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Ноорузга карата Бишкектин борбордук көчөлөрү 5 күнгө жабылды

Бүгүндөн баштап Бишкектин борбордук көчөлөрү 5 күнгө жабылды. Чектөө Нооруз майрамына карата киргизилерин Кайгуул кызматы билдирди.

18-март саат 22:00дөн 23-мартка чейин төмөнкү көчөлөр жабылды:

▪ Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;

▪ Раззаков көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;

▪ Орозбеков көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG