06:41
USD 87.02
EUR 95.29
RUB 1.05

Тунгуч кичи районунда ысык суу жок экендиги айтылды

Бишкектин Тунгуч кичи районунда 17-мартта жылуулук менен кошо ысык суу да жок болууда. Бул тууралуу 24.kg редакциясына жашоочулар билдиришти.

«Батирлерде ысык суунун ордуна муздак суу агып жатат. Өзүбүз же жууна албайбыз же идиш жууганга болбойт. Бул маселенин чечилишин суранабыз», — дейт окурман.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, биз менен байланышкан окурмандын дарегине «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринен турган топ жөнөтүлдү.

«Мындай кырдаал жыл сайын кайталанат. Жылуулук өчүрүлгөндө шаарда циркуляция өчүрүлөт. Түтүктөрдө ысык суу бар, бирок муздатылган сууну кран аркылуу чыгаруу керек. Бул кылдаттык менен каралышы керек», — деп жооп берди муниципалитет.

Жаңылыкты 0555312024 номерине WhatsAppка жөнөтүп кабарласаңыз болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG