Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө Бахадыр Конуровдун талапкерлигин жактырды.
Талапкер тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын лидери Улугбек Ормонов билдирди.
Бахадыр Конуров Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болгон. 17-мартта ал кызматынан кеткен.
Буга чейин депутаттар Искандер Гаипкуловду Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотушкан.