WhatsApp`та топторду түзүп, чагымчыл маалымат тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандык» беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында К.М.М. аттуу жаран кармалды.
Ал «Элге акыйкат керек», «Айта берем кайта берем», «Кыргыз коому», «Саясат, талкуу ой пикир», «Кыргызстан аңга баратат», «Баткенди берүүсүнө каршыбыз! Баткен боюнча азыркы чек ара келишимине эл каршы!» аталышындагы WhatsApp топторунун администратору болгон.
Тактап айтканда, К.М.М. аталган мессенджерде ар кандай топторду түзүп, республикадагы коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү жолу менен массалык баш аламандыктарды уюштурууга чакырыктарды камтыган чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялаганы аныкталган.
Ошондой эле, К.М.М. 2024-жылдын 17-майынан 18-майына караган түнү Бишкек шаарында болгон массалык баш аламандыктарды уюштурууга түздөн-түз тиешеси бар. Мындан тышкары, көрсөтүлгөн мөөнөттө К.М.М. WhatsApp аркылуу «Бирик кыргыз» жана «Манас атанын урпактары» топторун негиздеген, ал аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууга үндөгөн чагымчыл материалдарды тараткан.
К.М.М.га карата УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Учурда жогоруда аталган топтордун башка администраторлорунун жана активдүү катышуучуларынын деструктивдүү аракеттерине бөгөт коюуга багытталган тиешелүү иш-чаралар улантылууда.
УКМК массалык баш аламандыкка коомдук чакырыктар үчүн кылмыш жоопкерчилигин эскертет, бул үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган.