Борбор калаанын айрым аймактарында 13-мартта саат 9:00дөн 17:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу өчүрүлөт.
Өчүрүү аймагы Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелет.
Ошондой эле Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Милиция шаарчасынын конуштары да суусуз калат.
Өчүрүү «Контр резервуарлар» суу алгычында жана шаардагы таза суу тармактарында оңдоо иштерине байланыштуу.