Атайын кызмат өздөрүн президенттин «кеңешчисимин, жээнимин» деп тааныштыргандарды кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, «А.А.А аттуу жаран өзүн мамлекет башчынын кеңешчисимин жана анын жээнимин деп тааныштырып, болжол менен 50 миллион сомдук көмүр кенин чет элдик компаниянын менчигине өткөрүп берүүнү талап кылгандыгы аныкталды. Болбосо, ал укук коргоо органдарындагы байланыштарын пайдаланып, көмүр кенинин ээсин камакка алууну уюштурам деп коркуткан», — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров жана анын жакындары менен эч кандай мамилеси болгон эместиги такталган.