1-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Кээ бир жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −9...-14, күндүз −1...+4
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −9...-14, күндүз −2...+3
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −3...-8, күндүз 2...7
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −5...-10, күндүз −3...+2
Нарын облусунда түнкүсүн −10...-15, күндүз −5...-10 градус суук болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн −9...-11° суук, күндүз 0...2° болот.