04:09
USD 87.45
EUR 90.96
RUB 1.00

Акыркы 10 жылда кыргызстандыктар эки жылга узак жашай баштады

Акыркы 10 жылда кыргызстандыктар эки жылга узак жашай баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин бүгүнкү коллегияда берилген маалыматында айтылат.

Мекеменин маалыматы боюнча, 2024-жылы орточо жашоо узактыгы 72,1 жашты түзгөн. Ошол эле учурда республикада аялдар эркектерге караганда болжол менен сегиз жылга узак жашашат (68,3 жашка каршы 76,6 жаш).

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бет ачарынан
Фото Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бет ачарынан

Буга чейин жапон окумуштуулары эркектер менен аялдардын узак жашоосу үчүн ар кандай диета керек экенин аныкташкан: аялдар пайдалуу майларды көбүрөөк жеш керек жана углеводдорду ашыкча колдонбоосу керек, ал эми эркектер майларды чектеп, углеводду көбүрөөк колдонушу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG