04:01
USD 87.45
EUR 90.96
RUB 1.00

Бейшеналиев: «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалардын көбү чыгаша менен иштеп жатат

Жогорку Кеңештин «Ишеним» жана «Ыйман нуру» фракцияларынын жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалардын 60 пайызы чыгаша менен иштеп жатканын билдирди.

«Мисалы, Лейлектеги дарыкананын айлык кирешеси 5 миң сомду түзөт. Фармацевттин айлыгы жана башка чыгымдары 35 миң. Биз аларды жаап жатабыз», — деди ал.

Аткаминер белгилегендей, «Эл Аман» дарыкана тармагын ачууга республикалык бюджеттен бир сом да сарпталбаган. Бул карызга алынган каражаттардын эсебинен ишке ашырылган.

«Бирок «Эл Амандын» келечеги бар деп ойлойм, анткени алардын жардамы менен биз атаандаштыкты жеңе баштадык», — деп жыйынтыктады Алымкадыр Бейшеналиев.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG