Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 31-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −5...-10, күндүз 0...+5;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −7...-12, күндүз 0...+5;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −1...-6, күндүз −4...+1;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −4...-9, күндүз −3...+2;
Нарын облусунда түнкүсүн −14...-19, күндуз −5...-10.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн −5...-7°, күндүз −2...-4° болот.