Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 30-январда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −3...-8, күндүз −3...+2;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −5...-10, күндүз −4...+1;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −1...-6, күндүз −1...+4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −2...-7, күндүз −1...+4;
Нарын облусунда түнкүсүн −12...-17, күндуз −4...-9.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн −3...-5°, күндүз 0...2° болот.