Атайын кызмат Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгерин бейтаптардан системалуу түрдө акча талап кылып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Тактап айтканда, 28-январда козголгон кылмыш ишинин алкагында Улуттук онкология борборунун дарыгери — 1988-жылы туулган С.М.П. кармалган. Ал системалуу түрдө онкологиялык оорулууларга жасалган операциялар жана акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн, ошондой эле акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынган төлөмдөрдү реестерге каттабастан, алар боюнча квитанцияларды бербестен 2000 сомдон 20 миң сомго чейин акча каражаттарын бейтаптардан алып жүргөн. Буга байланыштуу санкцияланган видео байкоонун жүрүшүндө аталган дарыгер тарабынан пара алуунун көптөгөн фактылары (эпизоддору) тастыкталган.
Дарыгердин кабинетин тинтүүнүн натыйжасында бейтаптардан алынган 119 миң сом жана 100 доллар табылып, алынган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында дарыгер С. М. П. КР Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Борбордун кызматкерлеринин арасынан кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.