Аптанын экинчи жарымында Бишкекте кар жаашы күтүлөт. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.
30-январда кар жаайт. Түнкүсүн термометр −4 градуска чейин төмөндөп, күндүз аба +2 градуска чейин жылыйт.
31-январда аба ырайы кескин өзгөрбөйт. Түнкүсүн −7 градуска чейин суук болсо, күндүз 0 градус жылуу болот.
1-февралда түнкүсүн гана кар жаашы күтүлөт, күндүз ала булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн −8 градуска чейин, күндүз −1 градуска чейин жылыйт.
2-февраль күн ачык. Түнкүсүн −12 градуска чейин суук болсо, күндүз +3 градуска чейин жылыйт.