09:58
USD 87.45
EUR 91.44
RUB 0.96

БУУ: 685 миллионго жакын адам электр жарыксыз жашайт

Бүгүнкү күндө болжол менен 685 миллион адам электр жарыксыз жашайт. Алардын 80 пайыздан ашыгы Сахаранын түштүгүндөгү Африкада турат. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 26-январда белгиленүүчү Эл аралык таза энергия күнүнө карата билдирүүдө айтылат.

Уюмдун маалыматына ылайык, таза энергия абага бөлүнүп чыгууларды азайтууда маанилүү ролду ойнойт жана ошондой эле ишенимдүү энергия булактарына жетүү көйгөйүн чечүүгө жардам берет.

Кайра жаралуучу энергия быйыл биринчи жолу дүйнөдөгү эң ири электр энергиясын өндүрүү булагы болуп калышы күтүлүүдө. Ошол эле учурда аларга болгон баалар тездик менен төмөндөөнү улантууда.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин билдирүүсүнө ылайык, эң начар климаттык кризисти болтурбоо жана миллиондогон адамдарга жакырчылыктан кутулууга мүмкүндүк берүүчү энергияга ар бир адамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн таза энергияны өнүктүрүү зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG