«Кыргызиндустриянын» мурдагы жетекчиси Жарасул Абдураимов жана анын орун басары 24-мартка чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди 25-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Белгилей кетсек, 24-январда Жарасул Абдураимов «Кыргызиндустрия» ААКнын президенти кызматынан бошотулган. Анын ордуна Алманбек Исмаилов дайындалды. Ушул эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Башкы прокуратуранын текшерүүсүнүн негизинде «Кыргызиндустрия» ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду.
УКМК «Кыргызиндустриянын» кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, туунду компаниялар аркылуу бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу жана коротуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөнү аныкталганын билдирди. Анда 2022-2024-жылдар аралыгында мекеменин алдында 40тан ашуун чыгашалуу ишкана ачылып жана каржыланып, аларга бөлүнгөн каражат кайтарылгыс шартта болгон.
«Алгачкы тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында «Кыргызиндустрия» ААКнын жетекчилиги мыйзамсыз баюу, өздөрүнө жана жакын туугандарына ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жеке кызыкчылыгын көздөгөн деп айтууга болот. Анткени компаниянын түзүмүндө жетекчилик кызматтардын негизсиз көп саны каралып (75 кызматкердин ичинен 33ү жетекчи), аларга эмгек акылары жогору болгон туугандары, достору жана жакын санаалаштары дайындалган», — деп жазылган маалыматта.
УКМК «Кыргызиндустрия» өнөр жайды модернизациялоо жана мамлекеттин үлүшү болгон ишканаларды натыйжалуу башкаруу үчүн 2021-жылы түзүлүп, 2022-2024-жылдары бул мекемеге 2,3 миллиард сом бөлүнгөнүн тактаган Учурда келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштери улантылууда.