Владимир Шадыканов Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, ага чейин бул кызматты Эмил Осмонов аркалап келген. Ал 2024-жылдын 9-октябрында кызматынан бошотулган.
УКМКнын маалыматына караганда, Эмил Осмоновдун кызматтан алынышы коррупциялык схеманы иликтөөгө байланыштуу болгон. Анын алкагында курал-жарак сатып алууга бөлүнгөн 1 миллиард сомго жакын акчаны чыгарып кетүүгө аракет кылышкан.