Эртең, 11-январда түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге, Чүй облусунун чыгышында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −7...-12, күндүз 2...7
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −6...-11, күндүз 2...7
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −2...-7, күндүз 3...8
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −5...-10, күндүз 0...5
Нарын облусунда түнкүсүн −17...-22, күндүз −3...-8
Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн −8...-10°, күндүз 4...6° болот.