10-январда түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −8...-13, күндүз 3...8
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −8...-13, күндүз 3...8
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −3...-8, күндүз 4...9
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −7...-12, күндүз 0...5
Нарын облусунда түнкүсүн −16...-21, күндүз −2...-7
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт, туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн −8...-10°, күндүз 3...5° болот.