01:16
USD 87.00
EUR 89.68
RUB 0.84

Ош облусунда жер титиреди

Бүгүн саат 11:32де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматы боюнча, жер титирөө Ноокат районунун Чапаев айылынан батышка карай 3 чакырым, Фрунзе айылынан чыгышка карай 3 чакырым, Ноокат айылынан түндүк-чыгышка карай 5 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-батышка карай 32 чакырым аралыкта жайгашып, Ноокат, Чапаев айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар