Кыргызгидромет билдиргендей, 9-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарга туман түшүп, жолдор тайгай болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн −10...-15, күндүз −3...+2
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −7...-12, күндүз 0...+5
Баткен , Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн −7...-12, күндүз +1...+6
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн −8...-13, күндүз −8...-13
Нарын облусунда түнкүсүн −17...-22, күндүз −5...-10 нөлдөн төмөн
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн −11...-13°, күндүз 0...+2° жылуу болот.