31-декабрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −2...+3, күндүз 2...7;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −2...-7, күндүз 0...5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −4...-9, күндүз 1...6;
Нарын облусунда түнкүсүн −16...-21, күндүз −1...-6.
Бишкек шаарында түнү жана күндүз кар жаайт.