Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган үч кыргызстандык Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандагы авиакырсыктан жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугунун абалы менен таанышты.
Бүгүн саат 2.52де алар Бишкекке жеткирилди. Жабырлануучулардын экөөнүн абалы канааттандырарлык деп бааланып, Улуттук госпиталдын кыска мөөнөттүү стационардык бөлүмүндө жатат.
Эскерте кетсек, 25-декабрда Баку-Грозный багыты боюнча учкан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау аэропортуна жакын жерде кулап түшкөн. Учак Орусияга конуу аракети ийгиликсиз болгондон кийин шашылыш түрдө ал жакка багыт алган. Кырсыктын кесепетинен 38 адам каза болуп, 29 аман калганы ооруканага жаткырылган. Жабыркагандардын арасында Кыргызстандын үч жараны бар болгон.