Казакстандын Актау шаарында кырсыкка учураган учакта кыргызстандыктар да болгон. Бул тууралуу Tengrinews сайты жазып чыкты.
«Биздин маалымат боюнча, учакта Азербайжандын 37, Орусиянын 16, Казакстандын 6 жана Кыргызстандын 3 жараны болгон. «Алдын ала маалыматтар боюнча, 25 жүргүнчү аман калган, алардын абалы оор», — деп айтылат материалда.
Эске сала кетсек, бүгүн, 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде жүргүнчү ташыган учак кулап түшкөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, учак Бакудан Грозныйга бара жаткан. Кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат. Учакта 67 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 24.kg басылмасына учурда учактын бортунда болушу мүмкүн болгон Кыргызстандын жарандары тууралуу маалыматты тактап жатканын билдирди. Кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалашты.