USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Балбан Эрназар Акматалиев Казакстанда өткөн эл аралык турнирде алтын утту

15:08, 23 декабря 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Казакстанда өткөн эл аралык турнирде алтын тагынды.

Тараз шаарында Динмухамед Кунаевдин жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча мелдеш өттү. Турнирге Кыргызстандан 21 спортчу катышты.

Балбан Эрназар Акматалиев Казакстанда өткөн эл аралык турнирде алтын утту

Эрназар Акматалиев (70 килограммга чейинки салмакта) мыкты болуп, биринчи орунду ээледи.

Кыргыз курама командасынын мүчөлөрү Алмаз Сманбеков (61 килограммга чейин), Аден Сакыбаев (70 килограммга чейин) жана Орозобек Токтомамбетов (74 килограммга чейин) өз салмак категорияларында коло медалга ээ болушту.

Эске сала кетсек, Эрназар Акматалиев 2021-жылдагы дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси. Токиодогу Олимпиада оюндарынын жана Париждеги Олимпиада оюндарынын катышуучусу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18