20:56
USD 87.00
EUR 91.46
RUB 0.84

Ысык-Көлдөгү № 2 мамлекеттик резиденцияда жаңы эс алуу аймактары курулат

Ысык-Көлдөгү № 2 мамлекеттик резиденцияда жаңы эс алуу аймактары, анын ичинде спорт комплекси курулат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Архивден алынды
Фото Архивден алынды. Ысык-Көлдөгү №2 мамлекеттик резиденция

Анын айтымында, 2025-жылы мамлекеттик № 2 резиденцияда 150 жана 110 орунга эсептелген жаңы беш кабаттуу жана үч кабаттуу имараттарды куруу, ошондой эле заманбап спорт комплексин куруу жана аймакты жашылдандыруу пландалууда. Бул жерде ыңгайлуу эс алуу аймактары түзүлөт.

Каныбек Туманбаев кошумчалагандай «Айкөл» рестораны да заманбап талаптарды эске алуу менен реконструкцияланат.

Эң көп окулган жаңылыктар