Орус тилин билбеген мигранттардын балдары мектепке кабыл алынбайт. Мамлекеттик Дума тиешелүү мыйзамды кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Орусия парламентинин төрагасы Вячеслав Володин өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Документти кабыл алууга 409 депутат добуш берди. Бири каршы, калыс калгандар жок.
«Баланы мектепке киргизүүнүн алдында анын Россия Федерациясынын аймагында болушунун мыйзамдуулугу, ошондой эле орус тилин билүүсү текшерилет.
Жыл башынан бери Мамлекеттик Дума депутаттардын демилгеси менен миграциялык саясатты жакшыртууга жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүгө багытталган 14 федералдык мыйзамды кабыл алды», — деп жазган Вячеслав Володин.