Кыргызгидромет кайрадан катуу суук тууралуу эскертүү таратты. Синоптиктердин маалыматы боюнча, республика боюнча −35 градуска чейин суук болушу күтүлөт.
Маалыматка ылайык, 11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн −10...-15°, күндүз −4...-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн −6...-11°, күндүз −1...-6°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн −12...-17°, күндүз −2...-7°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −18...-23°, күндүз −6...-11°, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн −13...-18°, күндүз −5...-10°, тоолуу райондорунда түнкүсүн −22...-27° суук, күндүз −13...-18°, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн −30...-35°, күндүз −14...-19° суукка чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.