10:05
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Ишканалардын 48 пайызынын товар чыгаруу көлөмү көбөйтүлдү

Кепилдик фонду 2024-жылдын октябрында онлайн сурамжылоо аркылуу бизнес активдүүлүгүнүн индексин изилдөө жүргүзгөн. Ага 1 миң 78 чарба субъекттери катышты. Бул тууралуу «Кепилдик фонд» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, респонденттердин 48 пайызы өткөн жылга салыштырмалуу акыркы жарым жылда өндүрүштү көбөйтүшкөнүн айтышкан. Респонденттердин 43 пайызы өндүрүштө эч кандай өзгөрүү жок экенин айтышкан. Ал эми чарбалык субъектилердин 9 пайызына быйыл өндүрүштүн көлөмү азайган.

Ал ошондой эле сурамжылоодо 50 ишкана өз продукциясына буйрутма көбөйгөнүн билдиргенин белгиледи. 39 пайызга буйртутмалардын көлөмү өзгөргөн жок, ал эми 11 пайызга буйрутма азайды.

Эң көп окулган жаңылыктар