00:13
USD 87.00
EUR 89.77
RUB 0.79

Чүй облусундагы мурдагы оорукананын имараты облустук төрөт үйү болот

Чүйдөгү төрөт үйүнүн имараты Бишкектин карамагына өткөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин текшерүүсүндө облустун координатору Алмаз Назарбековго имаратты капиталдык оңдоого кеткен чыгымдарды эсептеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй төрөт үйүнүн имараты борбор калаанын карамагына өтүп, тобокелчиликке кабылган аялдарга акушердик жардам көрсөтүү үчүн облуста жаңы медициналык мекеме уюштуруу зарылчылыгын жараткан.

Министр кайтарылган имараттын базасында 100 орундуу заманбап Чүй облустук төрөт үйүн түзүү боюнча иштерди баштоону тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар