Жогорку Кеңештин бүгүн, 4-декабрдагы жалпы жыйынында депутат Балбак Түлөбаев министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлүнө бала бакчаларда иштей турган эч ким жок болсо, эмне үчүн курулуп жатканын сурады.
«Азамат, жол салгыла, мектеп салгыла, бала бакчаларды салгыла. Бирок курулган бала бакчада тарбиячы жок болсо, анын эмне кереги бар? Муну кылган министрлердин мээси иштейби?» — деп министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмас Абытовго кайрылды.
Балбак Түлөбаев мындай көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн пландоо болушу керектигин баса белгиледи.