Акыркы сутка ичинде Бишкек шаарында 7036 жол эрежесин бузуу фактысы катталганын ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
25-ноябрдан 1-декабрга чейин жол кыймылынын эрежелерин бузуулар төмөнкүдөй фактылар катталган:
Мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн 53 протокол түзүлдү;
Транспорт каражаттарын каттоо тартибин бузган 209 айдоочуга айып салынды;
Тиешелүү документтери жок унаа айдаган 250 айдоочу жазага тартылган;
Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 4 миң 691 протокол түзүлдү;
Каршы келе жаткан унаага басып өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 29 протокол түзүлдү;
Алдыңкы эшиктеринин айнектери жана (же) каптал айнектери караңгылатылган унааны тиешелүү уруксат документтери жок айдаган 39 айдоочу жазага тартылган;
Мотоциклдин каскасын же коопсуздук курун колдонуу эрежелерин бузгандыгы үчүн 882 протокол түзүлдү;
Башка жол эрежесин бузуулар боюнча 883 протокол түзүлдү.
Бишкек ШИИББинин маалыматы боюнча, убактылуу кармоочу жайга жалпысынан 1219 унаа жеткирилген.