66 жаш курагында милициянын отставкадагы полковниги, профессор, философия илимдеринин доктору, илимпоз Гүлсара Мидиновна Алиева дүйнөдөн кайтты.
Гүлсара Алиева бүт өмүрүн мекенине кызмат кылууга, илимди өнүктүрүүгө жана жаңы муундарды тарбиялоого арнаган. Бул жылдар аралыгында ИИМдин Академиясында, ИИМдин борбордук аппаратында, ошондой эле УКМКда жетекчилик кызматтарды аркалап, КРСУда окутуучу болуп иштеген.