12:09
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Асман шаарын курууга 480 миллион доллар чогулган

Асман шаарына 480 миллион долларды каржылоо булактары аныкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Кудай буюрса эмки жылы курулуш иштерин баштайбыз«, — деди ал.

Депутаттар республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө министрлер кабинетинин отчетун карап жатышат.

Акылбек Жапаров белгилегендей, акыркы үч жылда президент Садыр Жапаров, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 56 жерге объект курууга капсула салган.

«Алардын 92 пайызында курулуш иштери активдүү, айрымдары бүткөрүлүп жатат», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Анын айтымында, 2023-жылы 1,5 млрд сомго 10 оорукана жана 32 поликлиника курулган. 2021-жылдан 2024-жылга чейин 320 билим берүү мекемеси курулган.

Эң көп окулган жаңылыктар