02:11
USD 87.00
EUR 90.64
RUB 0.85

Эмгек министрлиги: «Орусиянын кара тизмесинде 76 миңден ашуун кыргызстандык бар»

1-октябрга карата Орусиянын кара тизмесинде Кыргызстандын 76 миңден ашуун жараны бар. Бул тууралуу журналисттерге Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдары кооптуу делген аймактагы жарандардын тизмесин көрсөтүштү. Анда 70 миңден ашык адам бар. Алардын басымдуу бөлүгү мурда административдик мыйзам бузууга барган кыргызстандыктар.

Аткаминер белгилегендей, жакында migrant.kg сайтынан өзүңүзгө коркунуч бар же жок экенин биле аласыз.

Эске сала кетсек, өткөн жылы Орусиянын кара тизмесинде 52 миң Кыргыз Республикасынын жараны болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар