Бүгүн, 5-ноябрда Бишкектин айрым конуштарында убактылуу суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында бүгүн, 5-ноябрда тарта саат 9:00дөн 17:00гө чейин суу болбойт.
Суу «Ак-Жар», «Ак-Бата» суу алгычтарындагы жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.