00:39
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

Кыргызстандын ооруканаларында беш миңдей дарыгер жетишпейт

Кыргызстандын ооруканаларында дарыгерлер жетишсиз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарына саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди.

Аткаминер жергиликтүү бийлик маселени кантип чечип жатканын айтып берди. Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги президенттин аймактардагы өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Жаш адиске ушундай жол менен жардам берүү максатында айрым аймактарда жергиликтүү бийликтер коммуналдык төлөмдөрдү төлөшөт.

Каарманбек Байдавлетов белгилегендей, стандарттар боюнча 1,5 миң калкка бир дарыгер туура келиши керек. Бирок аймактарда, алыскы райондордо гана эмес, борбордук ооруканаларда да кадрлар жетишсиз.

Эң көп окулган жаңылыктар