12:29
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

Быйыл Кыргызстанда дээрлик 28 миң кылмыш иши козголгон

Бүгүн, 25-октябрда Ички иштер министрлиги ушул жылдын тогуз айындагы ыкчам иш-аракеттеринин жыйынтыгын чыгарды.

Коллегияда башкармалыктын башчысынын биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов баяндама жасады.

Ал «2024-жылдын тогуз айында республиканын аймагында 29 миң 872 кылмыш иши козголсо, анын 27 миң 713ү ички иштер органдары тарабынан козголуп, 92,8 пайызды түзгөн. Салыштырмалуу кылмыштуулуктун динамикасы 17,4 пайызга кыскарды», — деди.

Аймактардагы ички иштер органдарынын ишин текшерүүнүн жыйынтыгына жана оперативдик иштеги кемчиликтерге өзгөчө көңүл бурулууда. Алдыга коюлган милдеттерди аткаруу жана мамлекеттик органдардын арасында жана эл аралык рейтингдерде позицияларды жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоо зарылчылыгы баса белгиленди.

Адылбек Бийбосунов кол алдындагыларды сынды туура кабыл алууга чакырып, кемчиликтерди оңдоп, негизги иш багыттарын күчөтүп, жаңыча мамилени колдонуу керектигин кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар