16:06
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

БШК административдик ресурсту колдонгондорго жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоодо административдик ресурсту колдонуу жана добуштарды сатып алуу үчүн юридикалык жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында аталган комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2023-жылдагы жана 2024-жылдын башындагы ишмердүүлүгүнүн негизинде мыйзамдарга бир катар сунуштарды киргизүүдө. Маселен, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу шайлоонун жыйынтыгы боюнча соттун чечимин карабоо өтүнүчү менен кайрылат.

«Биз шайлоонун жыйынтыгы боюнча соттун чечими жаңы ачылган жагдайлар боюнча каралбашы керек деген норма кабыл алууну сунуштаганбыз. Норма кабыл алынган, бирок азыр эки-үч жылдан кийин деле бардык органдардан өткөнү менен иштер кайра каралып жатат. Буга байланыштуу Административдик процессуалдык кодексти кайра карап чыгууну суранабыз», — деди Нуржан Шайлдабекова.

Мындан тышкары, БШК саясий партиялар жөнүндө мыйзамды кабыл алууну жана съезддерди өткөрүүнүн нормаларын жана стандарттарын киргизүүнү сунуштоодо.

Эгерде добуштарды сатып алуу же башка одоно бузуулар боюнча шайлоонун натыйжалары жараксыз деп табылса, Борбордук шайлоо комиссиясы ошондой эле күнөөлүү адамдын материалдык жоопкерчилигин кароону сунуштайт.

Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, шайлоо учурунда партиялардын каражаты, киреше-чыгашасы ачык жарыяланат, бирок шайлоочуларды каржы булактары кызыктырат. Кошумчалай кетсек, квота каттоодо эле эмес, шайлоодон кийин да сакталышы керек.

«Шаардык кеңешке шайлоодо катталуу үчүн квота формалдуу түзүлөт. 2021-жылы шайлоонун эртеси беш партия аялдарды тизмеден толугу менен чыгарды», — деп белгиледи Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы.

Мындан тышкары, ал депутаттарды окутууга жергиликтүү же республикалык бюджеттен каражат бөлүүнү сунуштады.

Эң көп окулган жаңылыктар