15:15
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Каржы министрлиги «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырууга 900 миллион сом бөлөт

Кыргызстандын Каржы министрлиги «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырууга жыл сайын 900 миллион сом бөлүүнү көздөп жатат.

Эске сала кетсек, «Акылдуу шаар» — бул «Коопсуз шаар» долбоорунун компоненти болуп саналат.

Министрлик 2025-жылдан 2027-жылга чейин ар 12 айга 900 миллион сом өлчөмүндө бюджеттик каражаттарды берет.

Эске салсак, 18-сентябрда президент Садыр Жапаров «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентинин ишин жакшыртууга багытталган жарлыкка кол койгон. Документте бул долбоорду ишке ашырууну координациялоочу башкы орган катары Ички иштер министрлиги белгиленген.

Эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Коопсуз шаар» автоматташтырылган системасын Ички иштер министрлигине өткөрүп бериши керек. Бул системанын техникалык оператору болуп санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар