23:28
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

«Акылдуу шаардын» алкагында 23 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Бир жума аралыгында Бишкектин үч кесилишинен гана катталган жол эрежесин бузуу фактыларынын саны 23 миң 349га жетти. Бул тууралуу өкмөттөн «24.kg» агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, видео байкоо орнотулган үч көчөнүн кесилишинен 218 миң 890 унаа өткөн. Алардын 10 пайызы жол эрежесин бузушкан.

Көптөр стоп сызыгына токтобой кеткендер. 16 миң 383 айдоочу аялдама эрежесин сактаган эмес. Андан кийинки орунду жол белги эрежелерин сактабагандар ээледи. Алардын саны 3 миң 78ге жеткен. Жогорку ылдамдыкта айдоо боюнча 1 миң 713 факт катталган. 917 айдоочу унааны жолдун каршы тилкеси менен айдаган. 728 айдоочу белги эрежелерин сактаган эмес.

Түстүү чырактын кызылы күйгөн учурда өтүп кетүү фактысы эң аз катталган-269 факт жана токтотуу эрежелерин бузгандар — 256.

Эскерте кетсек, «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында Фрунзе  Ибраимов, Байтик Баатыр  Ахунбаев, Байтик Баатыр  Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишине видео байкоолор орнотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар