20:54
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Олжобай Шакирдин иши. Жазуучу камактан бошотулду

Жогорку Сот жазуучу Олжобай Шакирдин иши боюнча төмөнкү инстанциялардын өкүмүн өзгөрттү. Бул тууралуу 24.kg басылмасына анын жактоочусу Бактыбек Автандил уулу билдирди.

Анын айтымында, жазуучу үч жылга шарттуу түрдө кесилип, камактан бошотулган. Жыйын бүгүн, 8-октябрда болуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Буга чейин Аламүдүн райондук соту жазуучуну массалык баш аламандыкты уюштурган деген айып менен беш жылга эркинен ажыратып, Чүй облустук соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Эске сала кетсек, Олжобай Шакир 2023-жылдын август айында кармалып, ошондон бери камакта. Ал «бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакырган» деп айыпталууда. Жазуучу камакка алынар алдында Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга берүүгө каршы болгон.

Олжобай Шакирдин жактоочусу иштин материалдарында айыптоо үчүн далилдер жок экенин ырастады.

Эң көп окулган жаңылыктар