18:27
USD 85.80
EUR 92.87
RUB 0.89

Баш калаада бир жумада 28 мас айдоочу кармалды

Бишкек шаарында 30-сентябрдан 6-октябрга чейин жол инспекторлору мас абалындагы 28 айдоочуну кармашкан. Бул тууралуу Шаардык милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан ушул жумада 6 миң 751 жол эрежесин бузуу катталды:

28 айдоочу мас абалында унаа башкарган;

230 унааны каттоо тартибин бузуу;

Тиешелүү документтери жок унаа айдаган 98 айдоочуга айып салынган;

4 миң 479 жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;

Уруксатсыз унаасын караңгылаткан 7 айдоочуга айып салынды;

1 миң 40 мотоциклдин каскасын жана коопсуздук курун колдонуу эрежелерин бузуу;

Башка жол эрежесин бузган 869 айдоочуга айып салынган.

Бишкек шаардык кайгуул кызматы белгилегендей, 30-сентябрдан 6-октябрга чейин 996 автотранспорт камоого коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар
28-октябрь, дүйшөмбү