Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 4-октябрда Жибек Жолу проспектисинин түндүк тарабы Абдрахманов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин ачылды.
Ошол эле учурда Жибек Жолу проспектисинин түштүк тарабы Сүйүмбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин жабылды.